Президент: «Шайлоодон кийин саткындар, чыккынчылар жоопко тартылат»

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берип жатып, Баткендин сазга батып калганын, жерлери сатылып кеткенин айтты.

Маектин жүрүшүндө журналист Министрлер кабинетинде Баткен облусунан бир дагы мүчө жок экенин, бул облустан депутаттардын дагы саны аз экенин айтты. «Эмне Баткенден министр болсо эле Баткенди гүлдөтүп жибереби? Гүлдөтсө 30 жылдан бери 30 министр, 30 депутатыңар болду. Эмнеге гүлдөтүп жиберишкен жок? Тескерисинче сазга батырып, сатып кетишиптир го. Азыр эми ошол сатылган жерлерибизди кайтарабыз деп азабын тартып жатабыз», — деди ал.

Журналист мындай суроо узатты: «Анда эмнеге саткындарды жоопко тартпай жатасыңар? Эл ушуну сурап жатат». Буга карата Садыр Жапаров төмөндөгүчө жооп берди: «Ар бир иштин өзүнүн бүтчү убагы болот. Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек».