Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров Сауд Арабияга барат

Садыр Жапаров Сауд Арабияга барат
"Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгына пландалган расмий сапары кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында жаңы барагын ачат деп терең ишенем". Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев кечээ, 19-октябрда биринчи медиафорумда билдирди. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы алаканын орногонуна 30 жыл болгонуна арналып уюштурулду. https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/10/1445664.063b1b1842f9f9ab0a5271dba85d8a11.jpg" alt="" width="1000" height="563" /> Министрдин орун басары кыргыз-сауд өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын үчүнчү жыйынын, тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелердин биринчи отурумун жана Бишкек шаарында экинчи бизнес-форумун биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландалып жатканын да айтты.