Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда иш сапары менен Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) барды.
Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарындагы аэропортко конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад бин Абдурахман аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.