Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы өз сөзүндө саясий оюндар бүткөнүн билдирди.
«Өткөн жылы биз конституциялык өзгөрүүлөр менен бирге, бардык тармактардын өнүгүүсү боюнча атайын жарлыктарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, кабыл алдык. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк. Шайлоолорду өткөрдүк. Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм. Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар!» — деди ал.