Садыр Жапаров шайлоого катышат. Клара Сооронкулова соттон жеңилди

Бишкектин административдик соту Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салуу талабы менен БШКны сотко берген Клара Сооронкулованын ишин кароодон баш тартты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, сот Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун мыйзамдуу деп тапкан. Клара Сооронкулова мындай чечимге макул эмес болгондуктан ишти кайра кароо үчүн Жогорку Сотко кайрылат.

Буга чейин Клара Сооронкулова: «Конституцияда «президенттин милдетин аткарган адам талапкер боло албайт» деп ачык жазылган. Шайлоо октябрь айынын аягында дайындалганы менен, Садыр Жапаров 14-ноябрда гана президенттин милдетин аткарууну токтотту. Мындан сырткары премьер-министрлик кызматын толук тапшырган жок. Убактылуу гана токтотту. Буга байланыштуу Бишкектин админстративдик сотуна арыз жаздым«, — деп билдирген эле.