Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Ширшовдун схемасы» деген энергетика тармагындагы иштер менен байланышкан Алексей Ширшов тууралуу өз оюн айтты.
«Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп, аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт.
Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди чакырып кабыл алдымбы, демек, бул дагы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгон. Бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен айтып берем.
Ал эми Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылдардын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту», — деди ал.