Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Коха Навруз» комплексине барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровду комплексте Эмомали Рахмон тосуп алды, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү. Алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.