Садыр Жапаров Швейцарияга барабы? Акылбек Жапаров расмий сапар уюштурууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулды.

«Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда. Биз Швейцариянын өлкөбүздөгү демократияны, рынок экономикасын жана анын социалдык өнүгүүсүн калыптандыруудагы көмөгүн жогору баалайбыз», — деди Акылбек Жапаров. Ал кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы президенттин Швейцария Конфедерациясына расмий сапарын уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Патрисия Данци белгилегендей, Швейцария конфедерациясы Кыргыз Республикасы менен достук мамилени жогору баалайт жана Швейцариянын  өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүнө,  курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын туруктуулугун, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ишиндеги башка артыкчылыктуу багыттарына колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.