Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Си Цзиньпин жана кытай элине видеокайрылуу жасады

18:22 17.06.2021
0
Садыр Жапаров Си Цзиньпин жана кытай элине видеокайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы Си Цзиньпинди жана кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кытай Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырза! Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесин утурлай, мен Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атыман сизди жана сиз жетектеген Кытай Коммунисттик партиясын, ошондой эле меймандос кытай элин чын жүрөктөн куттуктайм.

Кытай Коммунисттик партиясы 1921-жылы түптөлгөндөн тартып кытай элин жетектеп, анын жаркын келечеги үчүн күрөшүп келген. Кытай Эл Республикасы түзүлүп, кытай улуту өнүгүү жолуна түшкөн. Кытай Коммунисттик партиясынын ийгиликтүү жетектөөсү астында Кытай реформа саясатын ийгиликтүү жүргүзө алды, социалдык-экономикалык жактан ылдам өнүгүүгө жетишип, элдин жашоо деңгээли жогорулады, дүйнө жүзүндөгү кадыр-баркы күндөн-күнгө артты. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөнүн экинчи ири экономикасына айланды. Дүйнө мамлекеттеринин өнүгүшүнө үлгү болду.

Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кытай биринчи 100 жылдык максатын толугу менен ишке ашырды. Жакырчылыкты жоюу күрөшү толук ишке ашты, жашоо деңгээли боюнча орточо жетиштүү коом түзүлдү. Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып Сиз Кытай Коммунистик партиясын жетектеп, элиңиздин саламаттыгын биринчи орунга коюп, пандемияга каршы өз убагында активдүү чараларды көрдүңүз. Дүйнөдө эң биринчилерден болуп коронавирусту жеңдиңиз жана экономиканы калыбына келтирдиңиз. Мен Сиздин ушул жетишкендиктериңизди чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргызстан Кытай мамлекетинин албан ийгиликтерге жетишкендигине абдан кубанычта. Ошондой эле Кытай Коммунистик партиясынын жетектөөсү менен кытай эли өзүнүн бийик кыял-тилектерин жүзөгө ашырат деп ишенебиз. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн тартып көз карандысыз жана тынч дипломатиялык саясатты, дүйнө жүзүндө тынчтыкты сактоону, бүткүл дүйнө жүзүнүн жалпы өнүгүүсүн илгерилетүүнү колдоп келет. Ошону менен бирге адамзаттын прогрессивдүү ишин илгерилетүүдө эбегейсиз роль ойнойт. Сиз сунуштаган “Адамзаттын бирдиктүү тагдыры жамаатын’” куруу идеясы чоң тарыхый мааниге ээ, ал адамзаттын өнүгүү жана алдыга илгерилөө багыттарын көрсөттү, ошондой эле дүйнө коомчулугуна кеңири таанылып, мактоого ээ болду.

Кыргызстан менен Кытай — ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери, Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды.

Ушул жылдын февраль айында cиз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө биз эки мамлекеттин мамилесин тереңдетүү жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтык тууралуу пикир алмаштык. Кытай мамлекети көп жылдан бери Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, пандемияга каршы күрөшүү жана башка тармактар боюнча көптөгөн жардамдарды берип келет. Кыргыз Өкмөтү, кыргыз эли Кытай Өкмөтүнүн жана элинин бизге болгон терең достук мамилесин унутпайбыз. Кыргызстан ар дайым Кытай мамлекетин эң туруктуу өнөктөш катары көрөт. Мен cиз менен биргеликте эки мамлекеттин ынак коңшулук, достук жана стратегиялык өнөктөштүк принцибин улантып, жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн колдойм. Дагы бир жолу Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Кытай мамлекетине ар дайым өсүп-өнүгүүнү, боордош кытай элине тынчылык, аманчылык жана бакыт каалайм”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

18:13 11.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

16:51 11.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү