Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Самаркандда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

«Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок», — деди Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы «Бир алкак жана бир жол» долбоорун мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУ өлкөлөрүнүн алкагында экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров кыргыз тараптын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи. Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки мамлекеттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди атады. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү милдеттер. Си Цзиньпин кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Ал Кытай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү  колдоорун жана кызыкдар экенин белгиледи.