Садыр Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес»

«Сохко коридор берилет деген маалымат туура эмес». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген маеги учурунда билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөн. Президент коңшу мамлекет менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калбаганын билдирди. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып, тиешелүү документтерге кол коюп келет.

Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу суроого да жооп берди. «Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен» деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул — туура эмес, калп маалымат. Ал эми Үңкүр-Тоо боюнча Шавкат Мирзийоев «Биз талашпайбыз, силерге таандык боло берсин» деди», — деп билдирди президент.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат таратып, расмий Бишкек Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин да белгилеген. Социалдык тармактарда бул маалымат кызуу талкууга жем таштаган.

Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени кабарланган. Ал эми Үңкүр-Тоо боюнча Өзбекстан аны талап кылбоого даяр экендиги айтылган.