Президент Садыр Жапаров Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Российская газета» басылмасына маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 26-февралдагы санына жарыяланды.
Анда Садыр Жапаров мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу да ой бөлүшкөн.
Журналист: «Садыр Нургожоевич, сиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоолор менен бийликке келдиңиз. Акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун мындай «юридикалык эмес» жолу Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланды. Эмне үчүн мындай болуп жатат?»,- деген суроо узаткан.
«Чындыгында эле акыркы 30 жылда Кыргызстанда элдик толкундоолор менен бийлик үч жолу алмашты. Биздин мамлекет жаш мамлекеттин калыптануу учуруна мүнөздүү болгон оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөт, башкача болушу дээрлик мүмкүн эмес.
Биз эми ушул мезгилден мамлекетибизди татыктуу алып чыгып, бирдиктүү эл катары учурду башыбыздан өткөрүшүбүз керек. Бизде көп учурда кайсы бир топтун же бир адамдын саясий же болбосо каржылык кызыкчылыктары элдин жалпы кызыкчылыгынан жогору турарын жашыра албайм. Коомдун өнүгүшү менен жарандарыбыз акырындап элдин биримдиги менен бөлүнбөстүгү, жалпы кызыкчылыктын жеке кызыкчылыктардан маанилүү экенин түшүнө башташты. Бул оңой жол эмес, бирок биз сөзсүз ушундай жалпы аң-сезимге жетебиз.
Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан, биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт.
Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы туруксуздукту жаратып, чагымчылдык кылууда маанилүү роль ойношот.
Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калгандай сезилет. Ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган.
Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, демек, бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу зарыл. Демек, коом социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж. Бул — коомдук-саясий системдин өзгөрүшү зарыл экендигинин белгиси»,- деп жооп берди президент.