Садыр Жапаров: «Суу башында туруп электр энергияны импорттогон биз үчүн уят иш»

«Суу башында туруп электр энергияны импорттогон биз үчүн уят иш». Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде айтты.

Мамлекет башчысынын иш-чарадагы сөзү:

«Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз! 30 жыл мурда биз электр энергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. 

“Камбар-Ата-2” ГЭСин кошпогондо Кыргызстандагы энергетика булактарынын баары өткөн кылымдын 60-70 жылдары курулганы белгилүү. Бүгүнкү күндө биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот.

Дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 миллион долларды түзөт.

Ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына өз каражатыбыздын эсебинен 412,8 миллион сом бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө “Камбар-Ата-1” ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республикабыздын бюджетин кайрадан карап чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма — 1,5 миллиард сом) акча каражатын бөлүүнү чечтик. Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат».