Садыр Жапаров: «Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык»

Президент биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону белгиледи. Мамлекет башчысы «жашыл» экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу турмуштук зарылчылыктан улам келип чыккандыгын айтты. Экинчиден, суу жана суу ресурстары жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берилээрине басым жасады.

«Биз мыйзамдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. 2023-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө: сууларды мамлекеттик эсепке алууну жана экологиялык абалды жакшыртуу; коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария; суу боюнча Бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо; сууну сарамжалдуу пайдаланууга стимул берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү; гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алат.

Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Үчүнчүдөн, президент энергетикага байланыштуу маселени көтөрүп, бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүүсүндөгү татаал баскычты башынан өткөрүп жатканын белгиледи. Төртүнчүдөн, Садыр Жапаров экономикадагы абалды белгилеп, аналитиктерге өз божомолун айтуу эч качан азыркыдай кыйын болбогонун көрсөттү.