Садыр Жапаров: «Тажик тарап айрым тилкелерди 1924-жылкы карта менен чечели деп жатат»

«Тажик тарап айрым тилкелерди 1924-жылкы карта менен чечели деп жатат». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

— Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында «Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди, кийинки жылы майга чейин Тажикстан менен да чечилет, бул багытта жылыш бар» деп айттыңыз эле. Учурда бул көйгөйлүү маселе кайсыл стадияда?

— Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек.

Эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечебиз десек, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгып, бардык чек ара тилкелерин 1924-жылкы карта менен чечишибиз керек.

Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз.