Садыр Жапаровдун Тажикстанга барары ырасталды. Ал Душанбеге Ашхабаддан учат

Президент Садыр Жапаров 27-29-июнь күндөрү расмий сапары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрү расмий сапары менен Түркмөнстанда болот. Сапардын алкагында, Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ал эми 28-29-июнда өлкө башчы расмий сапары менен Тажикстанда болот. Расмий сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Буга чейин Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары менен барары боюнча коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымат тараткан. Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында, тагыраагы 30-апрелде президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, май айынын экинчи жарымында Душанбеде жолугушууну макулдашышкан. Бул маалымат кыргыз коомчулугу тарабынан сынга алынган жана жолугушуу тууралуу ошондон кийин талкууланбай калган эле.