Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барары маалымдалууда

28-29-июнда президент Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Анда сапар учурунда кандай маселелер талкууланары айтылган эмес. Ошол эле учурда бул боюнча президенттик администрациядан азырынча үн катыша элек.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында, тагыраагы 30-апрелде президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. Бул маалымат кыргыз коомчулугу тарабынан сынга алынган жана жолугушуу тууралуу ошондон кийин талкууланбай калган.