Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат.

Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ИИБ имаратынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.