Садыр Жапаров Тарых музейиндеги аттарга илинген баалар боюнча: «Баасын илип туура кылыптырсыңар»

Буга чейин соцтармак колдонуучулары Тарых музейиндеги сүрөттөр менен бөлүшүп, андагы экспонат катары коюлган аттардын кулагына баалары илингенин жазып чыгышкан эле. Садыр Жапаров бул ишти туура кылынган деп баалап, тарых болуп каларын айтты.

«Бул Сапар инибиздин (ред. Сапар Исаков) аты да ээ? 17 миң евро дейби? Баасын илип коюп, эң туура кылыптырсыңар. Бул тарых болуп калат. Кийинки муун ушуну көрүп туруп, ушундай кылгандан уялат да», — деди президент.