Садыр Жапаров «той-топурду азайткыла» десе, Акылбек Жапаров 90 депутатты сый тамакка чакырды

Апрель айында президент Садыр Жапаров «Азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» деген эле.

Кечээ, 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров каникул башталышынын урматына деп 90 депутатты сый тамакка чакырды. Бүгүн, 30-июнда сый тамак «Дасмияда» берилери маалым болду.