Садыр Жапаровдун «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиясынын токтомун кайсы эл өкүлдөр колдогон, кайсы депутаттар каршы болгон? (архив)

2012-жылдын 27-июнь күнү Жогорку Кеңеште Садыр Жапаров төрагалык кылган «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын отчёту тууралуу токтомдун долбоору добуш берүүгө коюлган. Ал колдоо таппай калган. Буга удаа эле «Кумтөр оперейтинг компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча парламенттин 3 комитети тарабынан макулдашылган токтомдун долбоору добуш берүүгө коюлуп, ал колдоо тапкан. Экинчи вариант Садыр Жапаровдун комиссиясынын токтом долбооруна добуш бербөө максатында 5 күн ичинде иштелип чыккан.

«Кумтөр» боюнча убактылуу депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин токтому менен 2012-жылдын 15-февраль күнү түзүлгөн. 22-февраль күнү бул комиссиянын төрагасы болуп Садыр Жапаров, ал эми төраганын орун басары болуп Айнуру Алтыбаева шайланган. Бул комиссиянын отчёту 800дөн ашуун бетке жазылган. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан 2 депутаттан кирген:

Марат Султанов, «Ата журт»;
Садыр Жапаров, «Ата журт»;
Максат Сабиров, «Республика»
Урмат Аманбаева, «Республика»
Айнуру Алтыбаева, «Ар-Намыс»;
Бакытбек Жетигенов, «Ар-Намыс»;
Эркин Сакебаев, КСДП;
Акылбек Султанов, КСДП;
Ширин Айтматова, «Ата мекен»;
Ташболот Балтабаев, «Ата мекен».

Добуш берүүнүн жыйынтыгынан көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров баштаган депутаттык комиссиянын отчёту тууралуу токтомдун долбоорун 35 депутат колдогон, 45 эл өкүлү каршы добуш берген. Каттоодон 108 депутат өткөн, демек, 28 эл өкүлү добуш берген эмес. Калган 12 депутат жыйында жок болгон.

Колдогон депутаттар: Абдиев К., Абдылдаев М., Айдаров Н., Айматова Ш., Алтыбаева А., Арапбаев А., Бакиров М., Бакиров О., Жолдошова Ж., Жумабеков Д., Жапаров С., Исаев К., Исаева Д., Калмаматов Б., Келдибеков А., Кочкорбаев А., Кочкоров У., Кудайбергенов Д., Мадылбеков Т., Мамырова Б., Мамытов Т., Молдобаев Н., Мурашев Н., Нарматова Н., Осмонов К., Рыспаев К., Самаков К., Саматов Ж., Сулайманов Н., Суракматов А., Ташиев К., Төрөбеков Н., Чолпонбаев У., Шайназаров Т., Эшимов А.

Каршы болгон эл өкүлдөрү: Абдыкеримов Ш., Алымбеков З., Арипов Н., Бекбоев З., Бекешев Д., Бекматов А., Гусаров И., Домшенко О., Досалиев А., Дыйканбаев К., Жамгырчиева Г., Жоошбеков З., Жээнбеков Р., Зулпукаров Т., Измалкова А., Иманалиев К., Иманкожоева Э., Исаев Ж., Исаков Э., Кадыралиева Ы., Кадыров Б., Карамушкина И., Кочкарова Э., Мадеминов М., Маматов А., Маматов Б., Ниязалиева Д., Нышанов С., Обдунов Э., Өмүрбеков К., Орозбаев М., Осмоналиев К., Осмонов М., Режевалиев А., Сакебаев Э., Салимов Т., Салымбеков М., Скрипкина Г., Султанбекова Ч., Султанов А., Туманов Т., Турсунбеков Ч., Узакбаев Т., Шин Р., Эрматов Э.

Каттоодон өтүп, добуш бербей койгон депутаттар: Абдрахманов А., Акназарова Р., Алимбеков Н., Алымбеков Э., Аманбаева У., Артыков А., Баатырбеков А., Балтабаев Т., Бокоев К., Жумалиева Э., Жетигенов Б., Жээнбеков А., Иманалиева Э., Калматов А., Коркмазов Х., Кулов Ф., Кутушев А., Маматалиев А., Мамытов Т., Никитенко Н., Пирматов И., Сабиров М., Садырбаева Г., Сапарбаев Ж., Сасыкбаева А., Сулайманов А., Талиева К., Текебаев Ө.