Садыр Жапаров туулуп-өскөн айылы Кең-Сууда мечиттин ачылышына катышты (видео)

Бүгүн, 28-октябрда президент Садыр Жапаров туулуп-өскөн айылы Кең-Сууда мечиттин ачылышына катышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргызстандын муфтийи, жергиликтүү бийлик жана тургундар катышкан. Мечит «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулган. Фонддун башчысы да ачылышка катышканы айтылды.

Эске салсак, Кең-Суу айылындагы мечит Садыр Жапаровдун атасы Мусталый уулу Нургожо ажынын атында.