Шаршемби, 01.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров «Түндүк Бетон» ЖЧКсынын иши менен таанышты

15:13 06.08.2025
0
Садыр Жапаров «Түндүк Бетон» ЖЧКсынын иши менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы «Түндүк Бетон» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизги түрү инерттүү материалдарды, бетон аралашмасын жана темир-бетон блокторун өндүрүү болуп саналат. Завод заманбап жабдуулар жана өндүрүш процесстерин автоматташтырылган башкаруу системасы менен жабдылган. Өндүрүштүк цикл үч негизги багытты: таш майдалоочу жабдууну, бетон заводун, ошондой эле модулдук курулуш участогун камтыйт. Таш майдалоочу жабдуулардын кубаттуулугу бир сменада 1000 тонна чыгарат, эки фракцияга бөлүнөт. Бетон заводу саатына 120 куб бетон өндүрө алат. Ишкана толук кубаттуулукта ишке киргенде 150 жумуш орду менен камсыз кылат. Учурда өндүрүштө 60 кызматкер эмгектенет. «Түндүк Бетон» ЖЧКсы тарткан инвестициянын көлөмү 4,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Ишкананын негиздөөчүсү Бакыт Айдаров мамлекет башчысына компаниянын ишмердүүлүгү, анын ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары Кыргызстанда бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн өзгөчө белгилеп, ишкердикти кеңейтүү алдында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана өзгөрүүлөргө дыкат көз салып турганын айтты. Бакыт Айдаров ошондой эле модулдук темир-бетон конструкцияларын колдонуу курулуш долбоорлорун кыска мөөнөттө ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Мисал катары Чолпон-Ата шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча райондук башкармалыктын имаратынын курулушун келтирди — аянты 400 чарчы метр болгон корпусту болгону 10 күндүн ичинде тургузуу пландаштырылууда.

Президент Садыр Жапаров заводдун өндүрүш процесси менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Мамлекет башчысы республика боюнча курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. 8-августта Каракол шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдөгү 450 жаңы батирдин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Ал жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи, анткени бул турак жай долбоорлорун ишке ашырууну кыйла тездетет. Ошол эле учурда, өлкөдө салттуу курулуш технологиясы кеңири колдонулуп жатканына карабастан, турак жайларды пайдаланууга берүү көлөмү кыйла жогору бойдон калууда.

Президент ошондой эле Чолпон-Ата шаарында, мурдагы аэропорттун ордунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык батирлерди куруу боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Садыр Жапаров «Түндүк Бетон» заводунун ишке кириши өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. Ал мамлекет мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:39 31.03.2026
0

Бүгүн, 31-мартта бир катар аймактардын жетекчилери кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Алар төмөндөгүлөр: Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими...

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:45 30.03.2026
0

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык...

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:42 27.03.2026
0

Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери,...

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 27.03.2026
0

Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты...

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Айдарбеков ИИМде сурак бергени айтылууда

Экс-депутат Айдарбеков ИИМде сурак бергени айтылууда

09:04 01.04.2026
Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

12:20 01.04.2026
Шаирбек Ташиев кармалды

Шаирбек Ташиев кармалды

11:17 01.04.2026
ИИМ: «Шаирбек Ташиев 4,1 млрд сомдон ашкан зыянды толук өндүрүшү керек»

ИИМ: "Шаирбек Ташиев 4,1 млрд сомдон ашкан зыянды толук өндүрүшү керек"

18:22 01.04.2026
Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

12:20 01.04.2026
Шаирбек Ташиев кармалды

Шаирбек Ташиев кармалды

11:17 01.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү