Садыр Жапаров: “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу 2025-жылдын жай айларында толук аяктайт»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-ноябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту.

“Тогуз жолдун тоому саналган, үч облус менен чектешкен Тогуз-Торо районунда да социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк, маданий иштер жүрүп жатат. Айыл чарбасы, өнөр жай, кайра иштетүү жаатында да иш-аракеттер жасалууда. Ал эми “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу 2025-жылдын жай айларында толук аяктайт деп турабыз”, — деди президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакынкы убакта башталуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу да план боюнча мына ушул аймактан өтөрүн айта кетти. Бул ири долбоордун ишке ашуусу менен туңгуюктагы Тогуз-Торо району өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң аймактардын бирине айланат. Тогуз-Торо районундагы Союз мезгилинен бери каралбай калган “Казарман” аэропорту толук реконструкциядан өткөрүлгөнү — каттам тармагына байланыштуу дагы бир кубана турган көрүнүш. Президент анын ишке берилүүсү менен жашоочулардын жол азабы жеңилдеп, элдин эки жакка каттоосу бир топ жакшырат деген ишенимин билдирди.

“Мен жергиликтүү бийликтин көмөгү астында, эң башкысы мына сиздердин – район жашоочуларынын биримдигинин арты менен ашар уюштурулуп, узундугу 9 чакырымдан ашуун “Доржу” каналын реконструкциядан өткөрүлгөндүгүнө абдан кубандым. Биримдиктин, ынтымактын, бир максатты көздөөнүн натыйжасында райондогу 456 гектар жерге сугат суусу жетип олтурат”, — деди Садыр Жапаров.