Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Мамлекет башчыга куткаруучулар тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.
Ажикеев ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөнүн айтып берди. ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи.
Мамлекет башчы министрге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду. Президент өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик...
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү майрамга карата сөзүндө конструктивдүү колдоп келе жатканы үчүн спикер Нурлан Шакиевге жана парламентке ыраазычылыгын билдирди. "Ушул...
"Заманыбыздын чыныгы баатыры Камчыбек Ташиевге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем!". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жаңы Ак Үйдүн ачылыш аземинде сүйлөп жатып...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында курулган “Терек-Таш” клинкер өндүрүүчү заводдун жана башка өндүрүштүк-социалдык...
Бүгүн, 30-августта Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында өлкө башчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. "Азыр биздин экономикалык абалыбыз...