Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүп, ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 6-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү улантыларына ишенимин билдиришти. Садыр Жапаров түркмөн тарапка Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан боордош түркмөн элинин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыкканын өзгөчө белгилеп өтүштү.