Садыр Жапаров: «Түрмөдө болбосом, уулума мотоцикл тептирбейт элем» деген арманым көкүрөгүмдө калды»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда «Кабар медианын» журналисти менен маек курду. Анда журналист өлкө башчынын ата-энеси жана уулу каза болгондо анын абакта жатканын эске салып, эмне үчүн «Кумтөр» менен акырына чейин күрөшүүгө бел байлаганына кызыкты.

«Кумтөр» маселеси 30 жыл мурда башталган. Бул негизи жакшы максат менен ачылган болчу. Биздин мамлекетке иштейт деген ниеттер болгон. Муну 1992-жылы Аскар Акаев 67/33 пайыз менен баштаган (ред. Кыргызстандын жана инвестордун үлүшү). Башында жакшы эле иштеп келген. 2003-2004-жылдары коррупция менен 70/30 кылып кетишкен. Бул «Кумтөр» Кыргызстанга иштебей калган» дегенди түшүндүрөт. Миллиард долларлар, 600-700 тонна алтын чыгарылып кеткен. Убагында көзөмөлгө алсак, сырткы карызга батпайт элек. 

Ооба, мен «Кумтөр» деп күрөшүп жүрүп, ата-энем, уулумдан айрылдым. Эгер «мага деле баары бир» деп жүрө берсем, атам деле 10-15 жыл жашайт беле. Энем деле 10-15 жыл жашайт беле. Энем жаш кетти. Уулум кетип калды. Мен түрмөдө эмес, сыртта болсом, ошого мотоцикл тептирбейт элем деген арманым көкүрөгүмдө калып калды. Албетте, бул менин жеке кызыкчылыгым үчүн болгон жок», — деди ал.

Дастан Садыр уулу 2019-жылдын 22-августунда мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Ал 27 жашта эле жана үй-бүлөдө тун бала болгон.