Садыр Жапаров: «Түштүк Кореядан Кыргызстанга Циндао порту аркылуу жүк 3-4 айга чейин кечигип жаткан учурлар бар»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Цзинань шаарында Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысы Линь У менен жолугушту. Анда аймактар аралык кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, Циндао шаарында Регионалдык соода-экономикалык кызматташтык үчүн Демонстрациялык аймактын түзүлүшү КР менен КЭР ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык өнүгүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтык кыйла динамикалуу өнүгүп жатат деп эсептейт. Президент 2021-жылдын декабрь айында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелер түзүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары Токмок менен Цзинин, Нарын жана Ляочэн шаарларынын ортосунда достук кызматташтык мамилелер түзүлдү.

«Жакында Кыргызстанга Шаньдун провинциясынын делегациясы келип, анын жыйынтыгында Чүй облусу менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы алмашууну жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча Меморандумга кол коюлду. Биз аймактар ​​аралык кызматташуунун мындай активдешүүсүн кубаттайбыз», — деген Садыр Жапаров кытай тараптын маалыматы боюнча 2022-жылы Кыргызстандын Шаньдун провинциясы менен товар жүгүртүүсү 290 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.

Ошону менен бирге ал кыргыз ишканалары Түштүк Кореядан Кыргызстанга Циндао порту аркылуу товарларды жөнөтүүдө туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурдуртту. Президент белгилегендей, жүк 3-4 айга чейин кечигип жаткан учурлар бар. Мына ушуга байланыштуу ал Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысына бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Сөзүн жыйынтыктап, Садыр Жапаров кыргыз тараптын Кытай менен ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын баса белгилеп, Линь Уну Кыргызстанга ыңгайлуу болгон убакта келип кетүүгө чакырды.