Садыр Жапаров: «Убакыттын тартыштыгынан дааратканага барганга убакыт болбой калат»

Бүгүн, 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда мамлекет башчысы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча суроого жооп берип жатып, бул окуяны ал иш сапары менен жүргөн Түркиядан кайтып келгенден кийин билгенин айтты.

«Силер ойлойт окшойсуңар, президент отуруп алып эле «муну кама, тигини кама» деп айтат деп. Эми кечирип коюңуздар, айрым учурда убакыттын тардыгынан дааратканага барганга убакыт болбой калат. Айтышка туура келип атат», — деди ал.