Садыр Жапаров УКМКнын №64479 аскер бөлүгүнө барып, Күжүрмөн тууну тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы №64479 аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин аталган аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы менен куттуктап, аскердик бөлүктүн күжүрмөн милдетин, тарыхын жана эмгегин айырмалаган ардактуу белги катары Күжүрмөн тууну тапшырды. Садыр Жапаров бул аскер бөлүгү алгач Совет доорунда СССР мамлекетинин жогорку бийлик органдарындагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, коюлган талаптарды так аткарып, күжүрмөн даярдыгы менен айырмаланып келгенин белгиледи. Бүгүн дагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы тапшырмаларды аткарууда аскер бөлүгүнүн салымы чоң экендиги күмөн жаратпайт. Ал аскер кызматчыларына чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. Анткени өлкөнүн коопсуздугун камсыздоочу негизги орган – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги жумуш объектилеринин коопсуздугун камсыздоо 64479-аскер бөлүгүнүн кесипкөй жана күжүрмөн иш алып баруусуна байланыштуу.