Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-февралда укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу аземине катышты.
Ал генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.
Буга чейин мамлекет башчысынын жарлыктары менен укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилген:
— Башкы прокурордун орун басары Сагындык Мукашовго «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы;
— Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулуна «юстициянын генерал-майору» атайын наамы;
— Баткен облусунун ИИБ начальниги Мурат Бороновго «милициянын генерал-майору» наамы;
— ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамы;
— Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго «бажы кызматынын генерал-майору» наамы.
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырасташты. Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын сентябрынан...
Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин...
Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын...
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн...
Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди. "Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок...