Садыр Жапаров укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине генералдык наамдарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-февралда укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу аземине катышты.

Ал генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.

Буга чейин мамлекет башчысынын жарлыктары менен укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилген:
— Башкы прокурордун орун басары Сагындык Мукашовго «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы;
— Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулуна «юстициянын генерал-майору» атайын наамы;
— Баткен облусунун ИИБ начальниги Мурат Бороновго «милициянын генерал-майору» наамы;
— ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамы;

— Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго «бажы кызматынын генерал-майору» наамы.