Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун көрүп чыкты.
Мамлекет башчысы жаңыланган жатакананы жана ашкананы, курулган коттедждерди кыдырып көрдү.
1969-жылдан бери ден соолукту чыңдоо борбору жалаң гана жай мезгилинде иштеп, өлкөнүн бардык аймактарынан балдарды кабыл алчу. Садыр Жапаров бул борбор өз кезегинде өлкөдөгү алдыңкы лагерлердин бири болгонун белгиледи. Бирок мамлекеттик менчикте турган көптөгөн ден соолукту чыңдоочу жайлар сыяктуу эле, акыркы 30 жылда кароосуз калып, чыгашалуу мекемелердин бирине айланган. Мындай объектилерди калыбына келтирүү үчүн президенттин Иш башкармалыгына караштуу атайын бөлүм — Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекция түзүлгөн. Бул дирекция “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жалал-Абад”, “Жети-Өгүз”, “Ысык-Ата” жана “Улан” балдар ден-соолугун чыңдоочу борбору сыяктуу обьектилерди өткөрүп алып, четинен толугу менен оңдоп-түзөп, модернизациялоону баштады.
Эми Садыр Жапаров белгилегендей, “Улан” жөн гана жайкы лагерь эмес, жайында өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан келип балдардын эс алуусуна жана саламаттыгына шарт түзө турган, калган мезгилде спорттук жыйындарды, машыгууларды жана маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган заманбап жай. 2024-2025-жылдары борбордун аймагында масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Үч кабаттуу жатакана толугу менен реконструкцияланды, барнхаус стилиндеги 17 коттедж жана а-фрейм стилиндеги 2 коттедж курулду. Борбор заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, спорттук аянтчалар, чакан футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, бассейн, 700 метрлик чуркоо жолу, теннис корттору жана балдардын ойноо аянтчалары жасалган, жаңы конференц-зал курулган, аймак комплекстүү түрдө көрктөндүрүлгөн.
“Таалим-тарбия, билим берүү менен катар балдарыбыздын ден соолугуна да кам көрө беришибиз керек. Ага бүгүн ачылышын жасап, пайдаланууга берип жаткан “Улан” ден соолукту чыңдоо борбору айкын мисал. Дал ушул борбор далай-далай жаштарыбыздын ден соолугун чыңдоого, акыл-билимин арттырууга, шык-жөндөмүн ачууга жана талантынын ташкындашына өбөлгө болсун”, — деди мамлекет башчысы.