Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган инисин акимдиктен бошоткондугу тууралуу үн катты.
“Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» деп айтылат кыргызда. Туура кадам жасады, премьер-министр”, — деди президент.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн бир тууган инисин Ноокат районунун акими кызматынан бошоткон болчу. Ал бул кадамын «кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын-алуу үчүн кабыл алынды» деп түшүндүргөн.