Садыр Жапаров: «Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү»

Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп) «акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт» дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт», — деп жазды ал.

Кечээ, 28-февралда президент кыргызстандыктарга кайрылып, алдыдагы каатчылыктан чыгуу үчүн Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуштаган.