Жекшемби, 22.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров «Унаа» ишканасын жеке көзөмөлүнө алганын айтты

15:01 12.11.2022
0
Садыр Жапаров «Унаа» ишканасын жеке көзөмөлүнө алганын айтты

Садыр Жапаров «Унаа» ишканасын жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Бул тууралуу президент соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Сиздер менен бир кичинекей, бирок маанилүү жаңылык менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүмдө. Баарынан мурда айдоочулук күбөлүк, кадимки эле “права” берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп турат.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени жашыруун эмес. Мындан тышкары, ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт. 

Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал, бир тууганымдын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи жолу кирейин деп даярдык көрүүдө. Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм. Андыктан, сиздерди дагы бул тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырып кетер элем. Анткени компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан.

Эми мунун кесепеттери айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча дээрлик күн сайын катталган жол кырсыктарына, бейкүнөө каза болууларга себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болуп кетүүдө. Ошондуктан эми мурдагыдай тааныш-билиш, же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт. Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат. Кайсыл кызматкер прокуратуранын кайсыл кызматкерине чалганы, ким-кимге “крыша” болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалымат менде бар. Андыктан, акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула! Эртең анан туугандарыңар дагы “элдин баласы болчу” деп ыйламсырап чыкпасын! Унааны башкарууга жол кыймылы эрежелерин мыкты билген айдоочунун отурушу менен жол кырсыктарынын саны, анын натыйжасында адам курмандыктарынын да саны азаят», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү