Садыр Жапаров: «Уулум Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир, кабыл алдым»

«Кабар» агенттигинин журналисти Садыр Жапаровго «Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?» деген суроо берди. Ага өлкө башчысы төмөндөгүдөй жооп берди.

«Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюңузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек», — деди ал.