Садыр Жапаров Венгрияга Айгүл Жапарова менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков;

— билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

— санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— юстиция министри Аяз Баетов.