Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.