Садыр Жапаров Владимир Путинди куттуктады

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жапаров Путинди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бул Орусия элинин мамлекеттик эгемендүүлүктү бекемдөө, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Орусиянын өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча даанышман саясатты жана жан аябас эмгекти жогору таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер приоритеттүү чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенет.

Өз кезегинде Путин Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин мааракелик жыйынын талкуулашты, ага президент Садыр Жапаров катышат.