Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
«Орусиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариянын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.








