Садыр Жапаров январь айында Индияга барат

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 19-декабрда Нью-Дели шаарында өткөн “Индия-Борбордук Азия” министрлер диалогуна катышуусунун алкагында Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер кыргыз-индия кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнөктөштүк чөйрөлөрүн талкуулашкан. Тараптар Садыр Жапаровдун “Индия — Борбордук Азия” саммитине катышуусунун алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Индия тарап Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.