Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана «жашыл» энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды. Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Кыргызстандын президентинин сапарын колдоп, эки жактын ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICA линиясы боюнча бир катар документтерди жогору баалады.
Санаэ Такаити мыйзам үстөмдүгүн урматтоого, эркиндикти камсыздоого жана туруктуу кызматташтыкты чыңдоого негизделген ар тараптуу өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун саммитине чакыргандыгы, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы 2023-жылы Японияга болгон биринчи расмий сапарын өзгөчө жылуу сезимдер менен эскерерин, анын жүрүшүндө тараптар жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүктүн башталышын биргелешип жарыялаганына өзгөчө токтолду. Президент ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көбөйүшүн канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу президент соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн тиешелүү экономикалык ведомстволордун биргелешкен ишин активдештирүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы ошондой эле туруктуу энергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты. 2030-жылга чейин өлкө «жашыл» электр энергиясын өндүрүүнү кыйла көбөйтүүнү жана ири энергетикалык объектилерди, анын ичинде “Камбар-Ата — 1” ГЭСин ишке киргизүүнү көздөөдө. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Япония Өкмөтүнө жана элине көп жылдык колдоосу жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Япония эл аралык кызматташтык агенттиги менен кызматташуунун олуттуу натыйжаларына, ошондой эле кадрларды даярдоо программаларынын маанилүүлүгүнө токтолду, анын аркасында бүгүнкү күндө көптөгөн бүтүрүүчүлөр жооптуу мамлекеттик кызматтарды ээлеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууда. Буга байланыштуу JDS стипендиялык программасы боюнча квотаны көбөйтүүгө үмүт артылды.
Өз кезегинде премьер-министр Такаити Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жаатында кызматташууга даярдык билдирилди. Япониянын премьер-министри жаратылыш кырсыктары тууралуу эрте эскертүү маселелеринде кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.