Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Садыр Жапаров курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди. Курорт жылына эки миллионго чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны беш миңге жакын болот.
Президент долбоор жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгөнүн, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болорун баса белгиледи. Ал ошондой эле ушул жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилкеси ачык аукционго коюлганын эске салды. Алардын ичинен 14үнүн ээлери аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы мекенибиздин келечегине ишенген, атуулдук деми бийик кыргызстандыктар экени өзгөчө кубандырат. Муну менен катар курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга шайкеш жүргүзүлөт. Курорт табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылына жети айга чейин иштей алат. Келерки жылы биринчи фазасын эксплуатацияга берүү пландалууда, ал эми декабрь айында Жыргалаңда тоо-лыжа зонасы ишин баштайт. Курорт чет өлкөлүк туристтерди да, өзүбүздүн жарандарды кабыл алууга даяр болот.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров мейманканалар жана туристтик объектилер курула турган жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшырды.