Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шулико менен жолугуп, 500 миң сом тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи. «Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып жатты», — деди ал. Аны менен катар президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннесстин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди. Буга байланыштуу президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ага максатына жетүүсүнө Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууга болгон каалоосу шыктандырган.