Садыр Жапаров ысык-көлдүк эмес, Жалал-Абаддан болобу?

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына бүгүн, 3-декабрда кайрылуу жарыялады. Ал сөзүн пайда болгон кырдаалга жараша кайрылууга себеп болуп жатат деп баштап, түндүк-түштүк маселесин эл эмес, бир ууч саясатчылар өз кызыкчылыктары үчүн элди бөлүү үчүн козгоп келерин жазган.

Садыр Жапаров ата тегинин тарыхына токтолуп, анын аталарынын бири Тагай бий түндүктө төрөлбөгөнүн, түштүктөн көчүп келгенин айтат. Ошол Тагай бийден баштап ата-бабалары калтырган керээзине ылайык, сөөгү аталары жаткан жерге, тагыраагы түштүккө алып барып коюлуп турган. Садыр Жапаровдун жетинчи атасы Бирназар бий кыш мезгилинде дүйнөдөн кайтып, анын сөөгүн Жалал-Абаддагы Аюб булагынын жанына берүү үчүн ызгаар сууктан коштоп барган адамдар өлүп кала жаздашкан. Ошондон кийин туугандар кеңешип, мындан ары сөөктү түштүккө алып барбай эле коёлу деп чечишкен. Алтынчы атасынан тартып сөөктөр Ысык-Көлгө коюлуп калганын айтат Садыр Жапаров.

“Байкап олтурсам, күндөн-күнгө бири-бири менен экиге бөлүнүп сен түндүк, мен түштүк дешип, уруш-талаштары катуулап бара жатат. Арты жакшылык менен бүтпөйт. Ушуну токтотолу туугандар” деп жыйынтыктаган сөзүн Садыр Жапаров.