Садыр Жапаров: «Буга чейин 15 мектеп 5 ай ичинде курулуп, пайдаланууга берилген учур болгон эмес»

«Өлкөбүздү өнүктүрүү маселеси кандай маанилүү болсо, билим берүү маселеси дагы ошончолук маанилүү», — деди Садыр Жапаров 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылы курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада.

«Мынакей азыр эле сиздер менен чогуу борбор калаада курулушу бүткөрүлгөн билим уялары боюнча видеотасмага күбө болуп, кубанычыбыз койнубузга батпай турган кезибиз. Чынында буга чейин борбор шаарыбызда 15 билим берүү мекемеси 5 ай ичинде курулуп, пайдаланууга берилген учур болгон эмес. Муну эми ашыра мактангандык деп айтууга болбойт. Айтайын дегеним, мамлекетибиздин билим берүү тармагына олуттуу көңүл бура баштаганына курулушу бүткөрүлгөн мектептерибиз айкын күбө! Болбосо аймактарды мындай коелу, өлкөнүн борбору болгон Бишкек шаарындагы бир топ мектептердеги класстарда кырктан, элүүдөн бала окуп жаткандыгы ойлондурбай койбойт. 25 окуучуга ылайыкталган класстарга мынчалык көп баланын окуп жаткандыгы, албетте, билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизери турган иш! Ошол эле маалда, тилекке каршы, мындай көрүнүш уланып жаткан кезде, 40-50 окуучуга билим берүүгө аракет кылган мугалимдерибизге ыраазычылык гана билдиришибиз керек», — деди ал.