Садыр Жапаровду Казань шаарында кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров 20-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Президентти Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Садыр Жапаровдун Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.