Садыр Жапаровду колдойм деген экс-элчи Кылычбек Султан хейтерлердин тепкисинде калды

“Супер-Инфо” жана SUPER KG массалык маалымат каражаттарынын негиздөөчүсү, экс-элчи Кылычбек Султан кечээ кечинде президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдоорун жарыялаган.

Саясатчы мындай колдоосу үчүн хейтерлердин тепкисинде калды. Биз окуя боюнча саясатчыга кайрылганыбызда ал Сооронбай Жээнбековдун режиминин кулашына чоң салым кошкон бирден бир саясатчы Садыр Жапаров болду.  Ошондуктан Садыр Жапаров эски режимдин катачылыктарын кайталабайт деп үмүт кылып, аны колдодум”,- деп билдирди Кылычбек Султан.

Экс-элчи аны менен катар парламенттик демократиянын жактоочусу экенин да баса белгиледи.

Эске салсак, Кылычбек Султан Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк – кландык режимине каршы чыгуу менен элчилик кызматтан баш тартып, ал режимге карата оппозициялык күрөш баштаган алгачкы саясатчылардын бири.