Садыр Жапаров Кувейттин эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 23-февралда президент Садыр Жапаров Кувейттин эмири Наваф аль-Ахмад аль-Жабер ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, мамлекет башчылары жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү, авиакаттамдарды жандандыруу, ошондой эле эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.

Президент Садыр Жапаров Кувейттин эмирин алдыдагы улуттук майрамдары менен куттуктады. Ал 2020-жылы пандемия учурунда Кувейттин кайрымдуулук уюмдары кыргыз элине көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде шейх Наваф аль-Ахмад аль-Жабер ас-Сабах Садыр Жапаровду президенттик кызматына расмий киришкендиги менен куттуктап, Кувейтке иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.